Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Сентябрь 2023 ж. 10:19
Көрүлдү: 894
Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева 13-14-сентябрда Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женева шаарындагы (Швейцария) БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 94-сессиясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын бириккен V жана VI мезгилдүү баяндамасын угууларга катышты.
Угууларда кыргыз тараптын Конвенцияны ишке ашыруу боюнча чаралары, атап айтканда, билим алуу, эс алуу жана маданий иш-чаралар үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча билдирүүлөрү камтылган.
Ошондой эле кыргыз делегациясы Женевада БУУ балдар укугу боюнча Комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту.