УЛАНБЕК УСЕКОВ ГЕТЕ-ИНСТИТУТУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Сентябрь 2023 ж. 16:15

Көрүлдү: 2520

Бүгүн, 20-сентябрда Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Казакстандагы Гёте-Институтунун директору Барбара Анна Бернсмайер жана Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча тил иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Ульрике Вюрц менен жолугушуп, анда кызматташууну активдештирүү маселеси талкууланды.

post.title

Тараптар билим берүүнүн бардык баскычтарында немис тилин окутуу деңгээлин жогорулатуу чараларын талкуулашты. Мындан тышкары, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында немис тилин үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу боюнча кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланды.

Барбара Анна Бернсмайердин айтымында, немис тарап тилди окутуунун сапатын жогорулатууга кызыкдар, бул сертификат алууга, келечекте Германияга окуу же эмгек визасын алууга шарт түзөт.

Уланбек Усеков Гёте-Институтунун билим берүү тармагына кошкон маанилүү салымын белгиледи. Ал министрликтин тилди окутуу боюнча демилгелерди ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар