ӨНӨКТӨШТӨР STEM ЖАНА САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Сентябрь 2023 ж. 15:09

Көрүлдү: 2456

19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде өткөн жолугушууда технологиялык индустрия тармагынын лидерлери, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрү кыздар жана аялдар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасоо менен STEM жана санариптик билим берүүнү ишке ашырууну талкуулашты.

post.title

Жыйынга Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев жана ПРООНдун аймактык кеңешчиси Корнелиу Эфтоди (Corneliu Eftodi) катышты.

Корнелиу Эфтоди Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө санариптик трансформация жана гендердик теңчилик боюнча мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана ПРООНдун демилгелери менен таанышууну пландоодо.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар