БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА РЕФОРМАЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН ӨНӨКТӨШТҮК ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮГӨ КОЛ КОЙДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2023 ж. 18:37

Көрүлдү: 2727

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «2023-2027-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында сапаттуу мектептик билимге жана окуу мүмкүнчүлүктөрүнө бирдей жеткиликтүүлүккө карай» долбоорунун алкагында өнөктөштүк тууралуу билдирүүгө кол койду.

post.title

Документке кол коюу салтанатына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло, Ислам өнүктүрүү банкынын Алматы шаарындагы аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ибрагим Шокру, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID), Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк Банктын, Германия Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ), Ислам өнүктүрүү банкынын, ЮНЕСКОнун, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Ага Хан өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Бекжан Супаналиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) саммитинде 2030-жылга карай ТӨМ 4 жетишүүдө билим берүү тармагы №1 артыкчылыктуу багыт экендигин расмий түрдө билдирген.

Өнөктөштүк тууралуу билдирүүдө Билим берүү жана илим министрлиги менен Улуттук билим берүү тобу тарабынан макулдашылган беш артыкчылыктуу багыттар белгиленет, алар ошондой эле 2022-жылы тармакты биргелешип кароонун жүрүшүндө аныкталган. Реформанын артыкчылыктуу багыттары катары теңчиликке жетишүү, санариптик трансформация, административдик көндүмдөрдү бекемдөө, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана финансылык ачыктыкты орнотуу болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар