МЕКТЕПТЕРДИ ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДОО

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Сентябрь 2023 ж. 18:21

Көрүлдү: 553

“Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун билим берүү мекемелерине (мектеп, бала бакча) жана министрликтин карамагындагы 42 билим берүү уюмдарына (мектеп-интернат, адистештирилген жатак-мектептер) көмүр сатып алууга республикалык бюджеттен 109 млн сом каралды”, - деп билдирди Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында.

post.title

Уланбек Усековдун айтымында, Баткен облусуна өзгөчө статус берилгендиктен облустун билим берүү мекемелерин каржылоо толугу менен республикалык бюджетке өткөрүлгөн. Быйыл республикалык бюджеттен каралган 109 млн сомдун 93 млн 169,9 сому Баткенге бөлүнгөн.

Ал эми калган аймактагы мектептерди көмүр менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомуна ылайык жергиликтүү бийлик органдарынын милдетине кирет.

Өлкөдө билим берүү уюмдары 84%га каржыланып, алардын баарында күз-кыш мезгилине даярдыктар көрүлгөндүгүн айтты министрдин убактылуу милдеттерин аткаруучу Уланбек Усеков.

“Республикада 2 миң 177 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп бар. Андан 1179 мектеп – көмүр, 706  – электр энергия,  211 – борборлошкон жылытуу системасы,  58 – аралаш жылытуу, 23 –  газ менен жылытылат. Өлкө боюнча 1678 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча болсо, анын 1003 – көмүр, 425 электр энергия, 160  борборлошкон жылытуу системасы, 68  аралаш жылытуу жана 21  газ менен жылытылат”, - деди Усеков.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар