КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТЫНА КОНКУРСТУК ТАНДОО БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Сентябрь 2023 ж. 18:05

Көрүлдү: 3314

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат.

post.title

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 “Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында бир эле адам катары менен 5 (беш) жана андан көп жыл ээлеген директорлордун кызмат ордуна конкурстук тандоо башталды.

Бош жетекчи кызмат орундарын ээлөө үчүн сынакка кесиптик лицейлердин жана колледждердин 46 директору: Бишкек шаарында – 9, Ош облусунда – 8, Баткен облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда - 6, Ысык-Көлдө – 4, Таласта –  4,Чүй облусунда –  3, Нарында – 2 жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу 4 кесиптик лицейдин директору катышат.

Ошондой эле 6 орто кесиптик билим берүү мекемелеринде, тагыраагы К.Көлбаев атындагы Бишкек автожол колледжинде, Бишкек архитектура жана курулуш менеджмент колледжинде, Кыргыз улуттук агрардык университетинин С.Турсунов атындагы Бишкек агро-экономикалык колледжинде, КУАУнун Токмоктогу колледжинде, Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык колледжинде, И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжиндеги бош кызмат орундарына сынак өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар