“ТҮРКСОЙ – ТҮРК МАДАНИЯТЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ” ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ТҮРКИЯГА САПАР АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Сентябрь 2023 ж. 14:43

Көрүлдү: 517

Кыргызстандын мектеп окуучулары “Түрксой – түрк маданиятынын алтын көпүрөсү” дилбаяндар боюнча эл аралык сынагында байгелүү орундарга ээ болду.

post.title

Алар Түрксойдун башкы кеңсесинде болуп, сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат.

Окуучулар алгачкы күнү Анкарада Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Руслан Казакбаевдин кабыл алуусунда болушту. Андан соң алар Түркиянын баш калаасындагы тарыхый жайлар, маданий-архитектуралык жетишкендиктер менен таанышты.

Сынак Түрксой эл аралык уюму тарабынан ар бир өлкөнүн билим берүү министрликтери менен түрк элдеринин орток маданиятын жана салттарын сактап, өнүктүрүү максатында уюштурулган. Мелдеш Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандын мектептеринин окуучулары арасында өттү. 10 мыкты дилбаян министрликтин алдындагы комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан аныкталган.

Аталган дилбаяндар сынагында биринчи орунду Балыкчы шаарындагы №4 гимназиянын алдыңкы окуучусу – Сезима Эсенгелдиева, экинчи орунду Бишкектеги №72 гимназия мектебинин окуучусу – Айбийке Кушбакова жана үчүнчү орунду Бишкек шаарындагы №67 гимназиянын окуучусу Канышай Жумагазиева жеңип алган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар