УЛАНБЕК УСЕКОВ КЫРГЫЗ-ОРУС СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИНИН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА ДЕНИС ФОМИН-НИЛОВДУ ТААНЫШТЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Сентябрь 2023 ж. 11:21

Көрүлдү: 510

13-сентябрда билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Кыргыз-Орус Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Денис Фомин-Ниловду окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырды.

post.title

Денис Фомин-Нилов жамаатка университетти өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы менен тааныштырды.

Уланбек Усеков коюлган максаттарга жетүүдө Кыргыз-Орус Славян университети Евразиялык экономикалык биримдигинде алдыңкы окуу жайга айлана аларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Денис Фомин-Нилов Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлигинин биргелешкен буйругунун негизинде дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдеттерин аткаруучу Уланбек Усеков жана Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский кол койду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар