25 МИҢ ПЕДАГОГ ОКУТУУДАН ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Сентябрь 2023 ж. 13:27

Көрүлдү: 2758

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 25 миңдей педагогду окутту. Дагы 33 миң мугалим тренингден өтөт.

post.title

Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар 2023-жылдын июнь жана август айларында Кыргызстандын бардык облустарында жүрдү: 

  • “Санариптик сабаттуулук” программасы боюнча –15 миң 500дөн ашуун мугалим;
  • Инновациялык педагогикалык технологиялар” программасы боюнча - 3 миң мугалим;
  • Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери” программасы боюнча - 3 миңден ашуун мугалим;
  • Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары” программасы боюнча - 3 миңден ашуун мугалим.

Окутуулар гибриддик форматта - онлайн жана реалдуу режимде жүргүзүлдү. Калган педагогдор 2023-жылдын октябрь, ноябрь жана 2024-жылдын март, май, июнь айларында тренингдерге катышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар