ОКУУ КИТЕПТЕРИН ДАЯРДОО ЭТАПТАРЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Сентябрь 2023 ж. 19:17

Көрүлдү: 473

1. Кыргыз билим берүү академиясы мектеп предметтери боюнча предметтик стандарттарды иштеп чыгат, ал эми министрлик аларды буйрук менен бекитет.

post.title

2.    Автор предметтик стандарттын негизинде окуу китебин (окуу-усулдук комплекс, окуу куралы) иштеп чыгат;
3.    “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору экспертизанын төмөнкү түрлөрүн уюштурат: 
- илимий,
- илимий-педагогикалык,
- дискриминацияга каршы жана гендердик,
- практика-педагогикалык. 
4.    Экспертизанын бардык түрлөрү боюнча оң корутундулар болгон учурда “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору окуу китебине гриф ыйгарууну сунуштайт.
5.    Билим берүү жана илим министрлиги Коллегиянын чечиминин негизинде окуу китебине гриф ыйгарат.
6.    Эгерде окуу китебине өзгөчө мүлктүк укук Билим берүү жана илим министрлигине таандык болсо, анда Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте окуу китебин даярдоого жана нускалоого “Учкун” ААК менен контракт түзүлөт.
7. “Учкун” ААК басылып чыккан окуу китептерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирип берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар