ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-ОРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Сентябрь 2023 ж. 15:40

Көрүлдү: 696

Бүгүн, 8-сентябрда, Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыктын жакшы нукта өнүгүп келе жатканын канааттануу менен белгилешти.

Мындан сырткары өлкөлөр ортосундагы кесиптик билим берүү жаатындагы пландар тууралуу сөз болуп, Каракол шаарында М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында Кыргыз-Орус Славян университетинин иштөө шарттары тууралуу келишим долбоору талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жогорку билим берүү багытындагы эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү ниетин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар