МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ 14 МЕДАЛЬ ЖЕҢГЕН СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Сентябрь 2023 ж. 17:58

Көрүлдү: 1501

Бүгүн, 7-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Орусиянын Екатеринбург шаарында Эл аралык университеттик спорт фестивалында 14 медаль жеңген студенттер жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту.

post.title

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан фестивалга 30 студент катышып, 4 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медаль алган. Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын студенттер командасы 36 өлкөнүн ичинен 5-орунду ээледи.

Министрдин орун басары ар бир жарандын аң-сезиминде спортко, сергек жашоого карата туура көз караш калыптанышы керектигин айтып, жаштарды эмгекке, спортко жана мекенчилдикке тарбиялоо – биздин эң негизги милдеттерибиздин бири деп белгиледи.

Жеңишти багындырган студенттер:

Бокс:

1. Жеңиш Улпатов (48 кг) – алтын медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти;

2. Рустамбек уулу Нурадин (71 кг) - алтын медаль, Кыргызстан Эл аралык университетинин студенти;

3. Азаматов Айдар (86 кг) – күмүш медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Тоо-кен технологиялык колледжинин студенти;

4. Токтосун уулу Бакыт (92 кг) - күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти;

5. Иназаров Мирзахид (60 кг) - коло медаль, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин студенти.

Эркин күрөш:

  1. Мырзаназар уулу Бекболот (61 кг) - алтын медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти;
  2. Доктурбек уулу Юхан (57 кг) – күмүш медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти.

Аялдар күрөшү:

1. Нуридин кызы Бермет (59 кг) - алтын медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти;

2. Сазанова Дильназ (65 кг) – күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти.

Грек-рим күрөшү:

1. Муратбек уулу Улан (57 кг) - күмүш медаль, Кыргыз медициналык стоматологиялык институту (КМСИ) студенти;

2. Бердиев Алибек Аскаралиевич (77 кг) – күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун студенти;

3. Орункул уулу Бекзат (82 кг) - күмүш медаль, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти;

Дзюдо:

1. Шабданбеков Муса (66 кг) - коло медаль, Кыргызстан Эл аралык университетинин студенти;

Самбо:

1. Шаршенов Тагир Болотович – коло медаль, Кыргызстан Эл аралык университетинин студенти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар