АРЧА-БЕШИК ЖАҢЫ КОНУШУНДА ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Сентябрь 2023 ж. 10:52

Көрүлдү: 435

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында «Тай-Тай бөбөк» үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бала бакчанын ачылышына Билим берүү жана илим инистринин орун басары Аида Рысбаева, Бишкек шаарынын вице-мэр Виктория Мозгачева катышты.

post.title

Үй тибиндеги бала бакчада керектүү бардык шарттар түзүлгөн, мында 1,5 жаштан 6 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү кызматы көрсөтүлөт. 

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу алкагында учурда Бишкек шаары боюнча жалпысынан 50 жакын үй тибиндеги бала бакча ачылып, 1 миңден ашуун бала мектепке чейиннки билим берүү менен камтылды. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар