МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Сентябрь 2023 ж. 18:37

Көрүлдү: 653

Бүгүн, 6-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучулар жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту.

post.title

Министр Каныбек Иманалиев дүйнөлүк билим жарыштарында Кыргызстандын намысын коргогон окуучуларды жеңиштери менен куттуктап, алардын бул ийгиликтеринде машыктыруучуларынын эмгеги чоң экендигин белгиледи.

“Кыргызстан Венгрияда өткөн XXXVинформатика боюнча эл аралык олимпиадада 90 өлкөнүн ичинен 24-орунду ээлеп, Борбордук Азияда биринчи орунга чыкты. Бул биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик жана сыймык”, - деди министр.

2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн Эл аралык информатика боюнча олимпиадага 4 окуучу катышып, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышкан.

Тагыраагы, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев – күмүш медаль, Тенгиз Беккойонов Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү – коло медаль, Алихан Айдарбеков, Нарын шаары, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль, Байторо Майрамбеков, Талас шаары, “Манас-Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу ардак грамота алды.

Ал эми 2023-жылдын май айында Токмок шаарындагы Баласагын атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү Иван Решетников химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль алса, июль айында Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Гаипов биология боюнча 34-Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар