КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: «КЫСКА МӨӨНӨТТӨ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ ТАЛАПКА ЫЛАЙЫК КЕЛТИРҮҮ ЗАРЫЛ»

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Сентябрь 2023 ж. 17:54

Көрүлдү: 502

5-сентябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мыйзам алдындагы актыларды, ведомстволук жана ведомстволор аралык актыларды Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму өттү.

post.title

Отурумга Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жумушчу топтун мүчөлөрү жана эксперттер катышты.

Министр белгилегендей, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда билим берүү тармагын реформалоо муктаждыгынан улам келип чыккан жаңычылдыктар бар.

«Биздин алдыбызда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында орун алган карама-каршылыктарды жоюуга багытталган көлөмдүү иш турат, бул Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодекси, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамы, ошондой эле “Билим берүү жөнүндө” жаңы Мыйзамдын ченемдеринен келип чыккан өзгөрүүлөрдү колдонуудагы мыйзам алдындагы актыларга киргизүү жана жаңыларын иштеп чыгуу”, - деди ал.

Министр Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук базаны кыска мөөнөттө талапка ылайык келтирүү боюнча жемиштүү иштерди жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:

- 2023-жылдын 1-октябрына чейин мыйзам алдындагы актылардын, ведомстволук жана ведомстволор аралык актылардын инвентаризациясын даярдоо.

- 2023-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө билим берүү жаатындагы мыйзам алдындагы актыларды, ведомстволук жана ведомстволор аралык актыларды “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү.

Резолюция

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар