КЫРГЫЗСТАН PISA ЭЛ АРАЛЫК ИЗИЛДӨӨСҮНӨ ДАЯРДАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Сентябрь 2023 ж. 18:49

Көрүлдү: 692

Бүгүн, 4-сентябрда, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдыктардын жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

post.title

Каныбек Иманалиев үстүбүздөгү жылы 8-класстын окуучуларын 1-чейректи жыйынтыктоодо, март айында жана окуу жылынын соңунда алдын ала тестирлөөдөн өткөрүүнү сунуштады.

Кеңешменин катышуучулары мугалимдердин PISA боюнча маалыматынын төмөндүгүн белгилешти. Министр тесттин суроолорун кыргыз тилине так которуу зарыл экендигине басым жасады.

Министр жакынкы аралыкта шаарлардын жана райондордун билим берүү бөлүмдөрдүн, башкармалыктарынын жетекчилери жана мектептердин директорлору, мугалимдерге  сынак тест боюнча тренинг-семинар өткөрүү тапшырма берди.

Белгилесек, 2025-жылы Кыргызстанда 15 жаштагы окуучулардын арасында PISA билими жана көндүмдөрү бааланат.

https://edu.gov.kg/organizations/21/pages/246/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар