КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ КЫЗМАТЫНА СЫНАК

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Сентябрь 2023 ж. 16:24

Көрүлдү: 533

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” Токтомуна ылайык, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректорунун бош кызмат ордуна сынак жарыялайт.

post.title

Конкурстук тандоого бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген 65 жаштан ашпаган жарандар катыша алат.

ЖОЖдун ректору кызматына квалификациялык талаптар:

1) жогорку кесиптик билим;

2) илимий даражасынын жана илимий наамынын болушу(илимдин кандидаты / PhD доктору, доцент);

3) 5 жылдан кем эмес илимий же илимий-педагогикалык иш стажы.

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2023-жылдын 5-сентябры.

Документтерди кабыл алуунун аяктоосу: 2023-жылдын 18-сентябры саат 18.00 го чейин.

Адреси: Бишкек ш, К.Тыныстанов көчөсү, 257, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 210-кабинет. 

Маалымат алуу үчүн: 0312- 66-47-19 ( Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси Калия Серкебаева) 

Толугураак – https://edu.gov.kg/announcements/293/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар