КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ УТТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Сентябрь 2023 ж. 11:59

Көрүлдү: 1709

Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев XXXV Эл аралык информатика боюнча олимпиадада (35th IOI 2023 Hungary) күмүш медаль жеңип алды.

post.title

2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан төрт окуучу катышты.

Эл аралык олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы боюнча курама команданын көрсөткүчү:

1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаары, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү - күмүш медаль;

2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаары, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү - коло медаль;

3. Алихан Айдарбеков, Нарын шаары, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу - коло медаль;

4. Байторо Майрамбеков, Талас шаары, “Манас-Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу – ардак грамота.

Окуучуларды даярдаган мугалим жана команда жетекчисинин жардамчысы - Кылычбек Урайымов.

Команда жетекчиси - Павел Панков.

International Olympiad in Informatics - бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 355 окуучу катышты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар