МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Сентябрь 2023 ж. 18:58

Көрүлдү: 556

2023-жылдын 1-сентябрында окутуу орус тилинде жүргүзүлчү үч кыргыз-орус мектебинин курулушуна расмий капсула салуу аземинен кийин Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Россия Федерациясынын Агартуу министринин орун басары Денис Грибов жетектеген делегация менен жолугушту.

post.title

Тараптар алдыда дагы курулуучу алты кыргыз-орус мектеби үчүн орундарды жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин семинар-кеңешмесин уюштуруу, билим берүү тармагындагы гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Эске салсак, Кыргызстан менен Россиянын президенттери видеоконференция режими аркылуу Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы кыргыз-орус мектептеринин курулушуна старт берген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар