Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
1 Сентябрь 2023 ж. 12:06
Көрүлдү: 2075
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалимдери Орозали Сайдилканов жана Гапыр Мадаминов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.
2023-жылдын 30-августунда Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.
Гапыр Мадаминов – Баткен облусунун Лейлек районундагы № 3 мектеп-гимназиясынын негиздөөчүсү, тарых мугалими;
Орозали Сайдилканов – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун О. Сайдилкановдун автордук гимназия мектебинин негиздөөчүсү.