30 МУГАЛИМГЕ “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМИ” АРДАКТУУ НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Август 2023 ж. 19:14

Көрүлдү: 3008

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

post.title

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”

деген ардактуу наам:

 

Абдиева Алымбүбү Исмаиловнага

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Б. Үрстөмбеков атындагы  № 3 орто мектебинин чет тили мугалими;

 

Акимжанов Жолдошбекке

билим берүү системасынын кызматкери, Токтогул району, Жалал-Абад облусу;

 

Алымбаева Джанылкан Дуйшембиевнага

Чүй облусунун Чүй районунун Прогресс орто мектебинин математика мугалими;

 

Асанбаева Динара Жапаровнага

Бишкек шаарынын № 40 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими;

 

Аттокуров Сапар Аразовичке

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун М. Жаңыбаева атындагы  № 13 орто мектебинин технология мугалими;

 

Аубакиров Төлеген Дуйсенбаевичке

Бишкек шаарынын Ч. Айтматов атындагы № 63 мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалими;

 

Бабышев Советбекке

Ош облусунун Өзгөн районунун                А. Маматов атындагы орто мектебинин директору;

 

Байрамкулова Фатима Юсуповнага

Бишкек шаарынын К. Бобулов атындагы № 88 орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;

 

Бейшенова Сыйнаткуль Омокеевнага

Бишкек шаарынын № 91 мектеп-гимназиясынын директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары, математика мугалими;

 

Ботоев Кулубайга

Ж. Мамытбеков атындагы № 10 орто мектебинин мугалими;

 

Васильев Анатолий Евгеньевичке

М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын скрипка мугалими;

 

Джунушова Сууракан Токоновнага

Чуй облусунун Панфилов районунун “Башат” балдардын чыгармачылык райондук билим берүү борборунун “Манас таануу” ийриминин жетекчиси;

 

Жанузакова Уулжан Шакыевнага

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин башчысы;

 

Жанышева Тинатин Эмильевнага

Ысык-Көл облустук Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын математика мугалими;

 

Жумабекова Сейнебүбүгө

Нарын облусунун Жумгал районунун Автандил уулу Айткул атындагы бала бакчасынын директору;

 

Зарнаев Саламат Зарнаевичке

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Э. Керимгазиев атындагы Темир-1 орто мектебинин искусство жана технология мугалими;

 

Исакова Райканга

билим берүү системасынын кызматкери, Түп району, Ысык-Көл облусу;

 

Касымова Нурания Абдугапуровнага

Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Нурани” балдардын инклюзивдик билим берүү борборунун башкы директору;

 

Керималиев Нурбек Джумагуловичке

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Б. Сатыбеков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабият мугалими;

 

Козубекова Чынарбубу Стамбековнага

Чүй облусунун Шопоков шаарынын  № 1 мектеп-гимназиясынын директору, физика мугалими;

 

Мамбекова Лилия Базаркуловнага

Чүй облусунун Чүй районунун “Байчечекей” мектепке чеймнки билим берүү мекемесинин директору;

 

Мундузбаева Елена Владимировнага

Билимкана-Бишкек жалпы билим берүү мектебинин директору;

 

Мурзабеков Маткаримге

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун А. Мамбетаипов атындагы № 37 орто мектебинин химия жана биология мугалими;

 

Мухтарова Асельге

Баткен облусунун Кадамжай шаарынын А. Масалиев атындагы              № 17 орто мектебинин орус тили жана адабият мугалими;

 

Садыков Гулбай Ганыевичке

Баткен облусунун Лейлек районунун Кара-Булак орто мектебинин орус тили мугалими;

 

Сапарова Уулжанга

Баткен облусунун Баткен районунун  Т. Садыков атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;

 

Торобаева Тамара Исаковнага

Бишкек шаарынын № 4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими;

 

Усенов Калымбайга

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Н. Бримкулов атындагы            № 4 инновациялык мектеп-гимназиясынын физика мугалими;

 

Чыныбаева Шайыркул Турпоналиевнага

Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын А.С. Макаренко атындагы № 10 интернат тибиндеги орто мектеп-гимназиясынын география жана тарых мугалими;

 

Эсеналиева Кенжекеге

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун филологиялык билим  берүү кафедрасынын башчысы;

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар