УЛАНБЕК УСЕКОВ ТӨРАГА НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ МЕНЕН ӨЗГӨН РАЙОНУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНА БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Август 2023 ж. 18:10

Көрүлдү: 1497

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев жана бир катар ЖКнын депутаттары менен Ош облусунун Өзгөн районундагы бир катар билим берүү уюмдарын кыдырды.

post.title

Тагыраагы,  Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылындагы А.Өмүрзаков атындагы орто мектебин, Кашка-Терек айылындагы К.Кулматов атындагы орто мектебин, К. Ботобеков атындагы орто мектебин жана Алга айылындагы “Азада Апа” балдар бакчасына барышты.

А.Өмүрзаков атындагы орто мектебинин бир корпусу 1980-жылы курулса, экинчиси 1988-жылы салынып, үчүнчүсү 1995-жылы ашар жолу менен бүткөрүлгөн. Пайдубалдарында жана дубалдарында жарака кетип, авариялык абалга кептелген мектепте азыр 523 окуучу билим алат. Ага ылайык, жаңы окуу имаратын куруу максатталган.

К.Кулматов атындагы орто мектеби 1963-жылы салынып, азыркы тапта авариялык абалда болгондуктан, жаңы окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды. Авариялык абалдагы мектепте 466 окуучу билим алат.

“Азада Апа” балдар бакчасында ушул тапта 60тан ашуун бала тарбияланып, 180дей наристе кезекте турат. Андыктан, жаңы бала бакча салуу максатталып, долбоору иштелип чыккан.

К. Ботобеков атындагы орто мектебинин ушул тапта курулуш иштери жүрүүдө. Мектеп октябрь айында ишке берилери күтүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар