Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
28 Август 2023 ж. 15:30
Көрүлдү: 1418
Урматтуу кыргызстандыктар! Өлкөдөгү билим жаатындагы бардык маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү ишеним телефону (0999800500) иштей баштады.
Бул КР Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында түзүлдү.
Ишеним телефону аркылуу ар кандай акча чогултууларды, маселелерди жана арызданууларды билдирсеңиз болот. Бала бакча, мектеп, лицей, колледж, университеттеги көйгөйлөр менен кайрыла аласыздар! Фото жана видео далилдерди дагы жиберсеңиздер болот.
Ишеним телефону күнү-түнү иш алып барат!
#илимбилимөнүгүү