Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Август 2023 ж. 18:36
Көрүлдү: 1024
23-августта Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Сиань темир жол кесиптик-техникалык институтунун ректору Чжао Чуньпин баштаган делегация жана «КК Достук» эл аралык коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар темир жол тармагында билим берүү жаатындагы кызматташтыкты, Кыргызстандын жарандарын кытай институтунда окутуу үчүн квота жана тажрыйба алмашууну талкуулашты.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда техникалык адистерди даярдоо чоң мааниге ээ.