Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
18 Август 2023 ж. 16:38
Көрүлдү: 657
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликке караштуу "Эмгек резерви" республикалык дене-тарбия жана спорт борборунун абалы менен таанышты.
Борбордун директору А.Тынаевдин айтымында, борбордун аянты – 6,045га, мында эркин күрөш, бокс залы, 4 теннис корту, чоң жана мини футбол талаалары жана башка спорт аянтчалары жайгашкан.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев "Эмгек резервинин" абалы менен толук таанышып, борбор заманбап спорттук, маданий жана билим алуу жайына айлануусу керектигин баса белгиледи.