ТҮШТҮК КОРЕЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ-СЕМИНАР ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Август 2023 ж. 11:49

Көрүлдү: 579

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун инклюзивдик билим берүү үчүн шарттар каралган башталгыч класстардын жана коррекциялык класстардын жана атайы жалпы билим берүү уюмдарынын 200 жакын жетекчилери, социалдык педагогдору, психологдору жана мугалимдери ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу жана тарбия берүү боюнча семинар-тренингге катышты.

post.title

Семинар-тренинг И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Түштүк Кореянын Конджу Улуттук университетинин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында уюштурулган.

8-августтан 12-августка чейин семинар-тренинг онлайн режимде өткөрүлүп, ал эми 14-17-августка чейин Конджу университетинин окутуучулары угуу, сүйлөө жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө кемчиликтери бар балдарды окутуу боюнча сабактарды оффлайн форматта өткөрүштү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар