КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТЫП ЖАТКАН АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Август 2023 ж. 18:27

Көрүлдү: 1178

2023-жылдын 12-августунда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемеси менен биргеликте өткөзүп жаткан англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсунун жүрүшү менен таанышты.

post.title

Квалификация жогорулатуу курсу Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин базасында өтүүдө.

Белгилей кетсек, 5 агымда окутуу пландалып, алардын биринчиси 3-11-июлда өткөрүлдү. Сертификат алган мугалимдер курста өздөштүргөн көндүмдөрүн мектепте колдонуу боюнча сынакка катыша алышат.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар