ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ВЕБИНАРЛАР БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Август 2023 ж. 15:26

Көрүлдү: 1908

Бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн жаңы 2023/2024-окуу жылына карата усулдук жардам берүү максатында вебинарлар башталды.

post.title

Вебинарлар Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун базасында zoom платформасы аркылуу өтүп, ага 7 миңге жакын педагог катышууда.

Вебинарлардын темалары:

  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санариптик технологияларды колдонуунун жолдору”;
  • “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин үйрөтүүдө колдонуучу жаңы методдор жана технологиялар”;
  • “Практикага багыттап окутуу кенже мектеп окуучуларынын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун негизи катары”;
  • “5-11-класстарда “Грамматикадан кепке технологиясын” колдонуу”;
  • “2023-2024-окуу жылында кыргыз адабияты предметин окутуу боюнча методикалык сунуштар”;
  • “Орус тилин экинчи тил катары окутууда текстке борборлоштурулган мамиле”;
  • “Адабият сабагындагы суроолор жана жооптор: канткенде окуучунун үнүн угабыз”.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар