БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН 7000 МУГАЛИМИ КОРРЕКЦИЯЛЫК ОКУТУУНУН ЫКМАЛАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮП ЖАТЫШАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Август 2023 ж. 18:10

Көрүлдү: 1030

Башталгыч класстардын 7 миң мугалими коррекциялык окутуунун ыкмалары боюнча тренингден өтүп жатат. Окутуу Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында жүрүүдө.

post.title

2023-жылдын август айына карата Кыргызстан боюнча 1 миң 200 пилоттук мектептин 4 миң 200 мугалими кадимки жана онлайн режимде тренингден өтүштү.

Долбоордун алкагында октябрь айында бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу пландалууда. Өлкө боюнча 700 бала бакчанын тарбиячылары «Балалык» мектепке чейинки өнүктүрүү программасы боюнча окутуудан өтөт.

Белгилей кетсек, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында 58 миң мугалим үчүн түрдүү багыттар боюнча окутуу уюштурулат.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар