МИНИСТР "ШКУнун ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРИ" ЖАЙКЫ ЛАГЕРИНЕ КАТЫШКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Август 2023 ж. 15:21

Көрүлдү: 1030

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын 14-26-июль күндөрү Пекинде өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин “Жаш журналисттери” жайкы лагерине катышып келген окуучуларды кабыл алды.

post.title

Окуучулар министрге лагерден үйрөнгөн тажрыйбаларын, алган сезимдерин, келечек пландарын айтып беришти.

Министр окуучуларга билим алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, замандын талабына жараша маалыматтык технологияларды өздөштүрүү керектигин айтты.

Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары Эркайым Замирбек кызы жана Наиля Жанарбек кызы мугалими Казыбек Асылбековдун жетекчилигинде жайкы лагерге барып келишти.

Жайке лагерге ШКУга мүчө тогуз мамлекеттен 18 жаш өкүл катышкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар