АБАНЫН БУЛГАНЫШЫНЫН ТААСИРИ БОЮНЧА ТЕМАНЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНУУЧУ ИЛИМИЙ ИШТЕРДИН ТИЗМЕСИНЕ КИРГИЗҮҮ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Август 2023 ж. 14:56

Көрүлдү: 998

3-августта Билим берүү жана илим министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин жыйыны болуп өттү.

post.title

Жыйында Илимий-техникалык кеңештин жаңы курамы тааныштырылды.

Жыйындын катышуучулары «Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарынын жүрөк-дем алуу системасынын абалына абанын булганышынын таасири» деген темадагы илимий-изилдөө иши менен тааныша алышты.

Илимий-техникалык кеңеш теманын актуалдуулугун эске алып бир добуштан республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу тема катары чечим кабыл алды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар