Автор: Борбордук аппарат
25 Октябрь 2021 ж. 19:20
Көрүлдү: 1009
Бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мыкан айылында жаңы курулган 300 окуучу орунга ылайыкталган мектептин ачылыш аземи болду.
Иш-чарага мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев катышты.
С. Жапаров салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып: «Өлкөбүздө билим берүү мекемелери канчалык көп болсо, класс комплекттер да ошончолук көп болуп, окуучуларыбыз кеңири сапаттуу билим алышат», - деп билдирди. Ошону менен катар президент мугалимдерге кайрылып: «Келечек ээлери болгон балдарыбыздын дүйнөдө билим жаатында атаандаштыкка чыгуусу үчүн аларга 21-кылымдын талаптарына ылайык сапаттуу билим берүү сиздерге түздөн-түз байланыштуу. Педагогикалык чеберчиликти мезгил талабына ылайык өркүндөтүшүңүздөр керек. Анткени ар тараптуу өнүккөн мугалим гана билимдүү, тарбиялуу окуучуларды өстүрүп чыгарат», - деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушуна Мусулман жаштарынын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы финансылык колдоо көрсөттү.
Бүгүнкү күндө бул мектепте окуучулар 2 нөөмөттө окуп жатышат.