БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Август 2023 ж. 17:40

Көрүлдү: 690

Билим берүү жана илим министрлиги өрт чыккан Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектеби тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Аталган орто мектеп 1964-жылы ашар жолу менен курулган. 2015-жылдын 15-декабрында КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусу чыгып, авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилген.

2022-жылдын 17-августунда республикалык бюджеттин эсебинен 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө жаңы мектептин имаратынын биринчи кабаты бүтүп, меш (плита) коюу жумуштары калган. Спорт залдын курулушу толугу менен бүткөн.

Орто мектепте 227 окуучу билим алып, эки нөөмөттө окуу жүргүзүлөт. Анда 22 мугалим жана 13 техникалык кызматкер эмгектенет.

Мектепте өрт 2-августта түшкү саат 12лер чамасында чыккан. Мектептин кароолчусу, айылдын элдери жана чек ара кызматкерлери мектептин ашканасынын жабдууларын жана буюмдарын сыртка алып чыкканга үлгүргөн.

2013-жылдын 1-апрелинде К.Мамаев атындагы орто мектебинин имаратынын 4 бөлмөсүнө балдар бакчасы ачылган. Балдар бакчасында 3 тайпада 64 бала тарбияланат. Анын ичинен бирөө жатак тайпа, анда 20 бала бар. Жалпысынан 6 тарбиячы жана 7 техникалык кызматкер иштейт. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар