Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
31 Июль 2023 ж. 15:30
Көрүлдү: 775
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборуна техникалык жабдыктарды тапшырды.
Бул техникалык каражаттар Билим берүү практикаларына байкоо жүргүзүү инструменти боюнча видеосбактарды тартуу, пилоттук мектептердин мугалимдери үчүн тренингдерди онлайн өткөрүү жана “Баалоо”, “PISA” сыяктуу тестирлөөлөрдү санариптик форматта жүргүзүү үчүн берилди.
Берилген жабдыктардын тизмеси:
Берилген техникалык каражаттар билим берүүдө санариптик программалардын артыкчылыктарын пайдаланууга, билим берүүдө баалоо системасын жакшыртууга, ошондой эле баалоонун ар кандай түрлөрү боюнча окуу симуляторлорун колдонуу аркылуу мугалимдердин жана окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.