Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
26 Июль 2023 ж. 16:30
Көрүлдү: 1927
Кыргызстандык 5 окуучу Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан “Cyber Summer School – 2023” жайкы мектебине катышууда.
Жайкы мектепке катышып жаткан кыргызстандык окуучулар:
24-июлдан 29-июлга чейин жайкы мектепке Түркия, Израил, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 125 окуучу катышууда.
“Cyber Summer School – 2023” жайкы мектеби – бул катышуучуларга тренингдерди, технологиялык турларды жана киберкоопсуздук боюнча викториналарды сунуштаган жыл сайын өтүүчү иш-чара.
Жайкы мектепке англис тилин билген, маалыматтык технологиялар боюнча керектүү билимдери бар жана сынактан өткөн12-16 жаштагы өспүрүмдөр катыша алат.
Белгилей кетсек, жайкы мектеп Азербайжандын Киберкоопсуздук уюмдарынын Ассоциациясы тарабынан мектеп окуучулары жана өспүрүмдөр үчүн уюштурулган.