МУГАЛИМДЕР “ЖАШЫЛ” ЖАНА САНАРИПТИК КӨНДҮМДӨРДҮ ҮЙРӨНӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Июль 2023 ж. 11:35

Көрүлдү: 924

23-июнда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында Европа биримдигинин билим берүү тармагын бюджеттик колдоо программасы боюнча II транштын индикаторлорунун аткарылышы каралды.

post.title

Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, министрликтин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун кызматкерлери жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин миссиясынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин катышуучулары мугалимдердин квалификациясын “жашыл” жана санариптик көндүмдөр, медиа сабаттуулук боюнча жогорулатууну уюштурууну тездетүү, ошондой эле башка индикаторлорду өз убагында аткаруу зарылдыгын белгилешти.

Программанын шарттары аткарылса, Европа биримдиктен техникалык колдоо көрсөтүлөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар