“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР”: 100 КҮНДӨ 5 МИҢ БАЛА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Июль 2023 ж. 9:35

Көрүлдү: 1803

5-июлда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун жумушчу тобунун жыйынында долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылды.

post.title

Жыйынга билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, министрдин орун басары Аида Рысбаева, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана башка мамлекеттик жана муниципалдык органдардан жумушчу топтун мүчөлөрү, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдар катышты.

№1 чакырыктын алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорунун жаңы конуштарынын 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарын мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камтууну 2 эсеге көбөйтүү, башкача айтканда 1 миң 577ден 3 миң 154 балага чейин көбөйтүү максаты коюлган.

10-майдан баштап баштапкы курс боюнча окутуу башталып, 1000ден ашуун арыз келип түшкөн. Анын ичинен 779 арыз Бишкек шаарынан келген. Окутуудан 750 катышуучу өтүп, 553 адам сертификат алды.

237 адам жеке ишкер катары каттоодон өтүп, үй тибиндеги бала бакчалардын ишин баштоого уруксат берилди.

№1 чакырыкты ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы №260 “Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө” Токтому.

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 279 “Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишкердик ишти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Токтому.

3) 2023-жылдын 4-майында кол коюлган “Өкмөттүк акселераторлор программасын ишке ашыруунун алкагында жеке ишкерлерди турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө окутуу, сертификациялоо жана кабарлоо тартибин бекитүү тууралуу” ведомстволор аралык буйрук.

Өкмөттүк акселераторлорпрограммасын ишке ашыруу Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү системасын өзгөрттү жана өлкөнүн прогрессивдүү, ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн кийинки комплекстүү өзгөрүүлөргө негиз түздү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар