ЭЛЧИ ДУ ДЭВЕНЬ КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ӨТКӨН 10 СТИПЕНДИАТТЫН ТИЗМЕСИН МИНИСТРГЕ ТАПШЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Июль 2023 ж. 16:47

Көрүлдү: 693

Бүгүн, 4-июлда Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге КМШ Стипендиялары программасынын алкагында Кытайдын жогорку окуу жайларына өткөн 10 кыргызстандык стипендиаттын тизмесин тапшырды.

post.title

Элчи Ду Дэвень кыргызстандык студенттер аракетчил келерин айтып, Кыргызстандан барган студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларында билимин мыкты көрсөткүчтөр менен улантып жатканын белгиледи.

Ошондой эле элчи Ду Дэвень 13-июлдан 25-июлга чейин Кытайда уюштурула турган жайкы лагерге кытай тарап эки окуучуну бир коштоочусу менен чакырып жатканын кабарлады.

Министр Каныбек Иманалиев Ду Дэвенге жагымдуу жаңылыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жайкы лагерге бара турган окуучулардын тизмеси 1-2 күндө такталып, жибериле тургандыгын айтты.

Буга кошумча Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров июнь айындагы Кытай Эл Республикасына болгон сапарында кыргыз-кытай мамилеси кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыккандыгын айтканын билдирип, коңшу өлкөгө көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ынак достук жана жакын коңшулук мамилелерине негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүдө билим берүү жана илим тармагы өзгөчө орунга ээ экендиги белгиледи. 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар