КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ 3-ИЮЛДАН 30-АВГУСТКА ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Июль 2023 ж. 15:33

Көрүлдү: 966

“2023-2024-окуу жылына башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алууну уюштуруу жөнүндө” буйрук чыкты.

post.title

Буйрукка ылайык, 2023-2024-окуу жылына кесиптик лицейлерге кабыл алуу 3-июлдан 30-августка чейин онлайн режимде жүргүзүлөт - https://2020.edu.gov.kg/npo/

Кабыл алуу билими жөнүндөгү документтин орточо баллынын негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине окуучуларды кабыл алуу, которуу жана окуудан чыгаруу эрежелерине ылайык, жалпы орто билимге жана жалпы негизги билимге ээ мектеп бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат.

Негизги билими жок адамдар жалпы орто билимге ээ болбостон, окуу мөөнөтү бир жылдык, же эки жылдык топторго кабыл алынышы мүмкүн.

Окуга кабыл алууда жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөгөн, же кызмат өтөөдөн бошотулган адамдар, атайын үлгүдөгү аттестат алган мектеп бүтүрүүчүлөрү артыкчылык укугуна ээ.

Кесиптик лицейлерге кирүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

- паспорт же жекелигин тастыктаган башка документ;

- жалпы орто билими жөнүндө аттестат (11-классты аяктаган), же негизги жалпы билими жөнүндө аттестат (9-классты аяктаган) жана ага тиркеме;

- өзгөчө укуктарды, же жеңилдиктерди ырастоочу документтер

“Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg автоматташтырылган маалыматтык системасы кесиптик лицей жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу арыз тапшыруу жана абитуриенттердин конкурсуна катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Шилтеме:

Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине окуучуларды кабыл алуу, которуу жана окуудан чыгаруу эрежелери –

https://2020.edu.gov.kg/npo/pdf/polojenie.pdf

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар