ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭЛ АРАЛЫК ИЗИЛДӨӨ МЕКТЕБИ ӨТҮП ЖАТАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Июль 2023 ж. 12:45

Көрүлдү: 650

29-июндан 7-июлга чейин Ысык-Көлдө дүйнө жүзүндөгү таланттуу окуучулардын илимий кызматташуусуна жана билим алмашуусуна дем берүү максатында Эл аралык изилдөө мектеби өтүүдө.

post.title

Ар кайсы өлкөлөрдүн университеттеринин жана илимий институттарынын окумуштуулары жана эксперттери лекцияларды жана мастер-класстарды өткөрөт. Окуучулар изилдөө иштерин жүргүзүүнүн этаптарын өздөштүрүшөт: гипотезаны көрсөтүү, максаттарды жана милдеттерди коюу, эксперимент жүргүзүү, алынган маалыматтарды иштеп чыгуу, кесиптештердин жана эксперттердин алдында натыйжаларды коргоо.

Катышуучулар жасалма интеллект, климатология, антропология, физика, химия, биология, информатика, маданият сыяктуу илимий тармактардын темаларында иштей алышат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Эл аралык изилдөө мектеби он бешинчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин он төрт мектепте 50 илимий багытта 136 изилдөө долбоору ишке ашырылган.

Эл аралык изилдөө мектеби-2023 “Ломоносов мектеби” илимий-билим берүү комплекси, Чыгармачыл педагогдордун аймактар аралык “Изилдөөчү" коомдук кыймылы (Орусия), М.В.Ломоносов атындагы ММУнун университеттик гимназиясы жана MILSET жаштардын илимий-техникалык эс алуусуна көмөктөшүү эл аралык кыймылы тарабынан уюштурулган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар