БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КӨЧМӨ КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Июль 2023 ж. 18:36

Көрүлдү: 580

Бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясынын жыйыны өттү.

post.title

Коллегиянын ишине Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Адиминистрациясынын тармактык бөлүмүнүн жана тиешелүү структуралык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Отурумдун катышуучулары мектептердин 5-11-класстары үчүн предметтик стандарттардын долбоорлорун жана жалпы билим берүү уюмдарынын 2023-2024-окуу жылына карата Базистик окуу планын бекитүү, Азия өнүктүрүү банкынын " Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр" долбоору жана Дүйнөлүк банктын 2022-2023-жылдардагы долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү, билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун жыйынтыктары маселелерин карашты.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун директору Нурлан Атаханов лицейлердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу иштерине басым коюлуп жаткандыгына токтолду.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Анара Айнекенова PISA-2025 изилдөөсүнө даярдык көрүү үчүн мугалимдер окутулуп жатканын айтты. Учурда 1200 мектептин мугалимдери 4 багыт боюнча курстарда квалификациясын жогорулатууда.

Билим берүү уюмдарынын аккредитациялоонун жыйынтыгы боюнча республикада 3 мектептин аккредитациядан өтпөгөндүгү аныкталды. Натыйжада, аталган окуу жайлардын директорлоруна жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тийиштүү чаралар көрүү тапшырмасы берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар