КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БАЗАСЫНДАГЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЛЕРДЕ 1 МИҢДЕН АШУУН БАЛА ЭС АЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Июль 2023 ж. 16:17

Көрүлдү: 489

2023-жылдын 1-июлунан тарта №85 кесиптик лицейдин базасында “Келечек” жайкы лагери өз ишин баштады, мында 300 бала эс алат.

post.title

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу балдарды жайкы лагердин ачылышы менен куттуктап, аларга эс алуу убактысын пайдалуу өткөрүүнү каалады. “Баланын толук кандуу өнүгүүсү жана калыптануусу үчүн жайкы эс алуунун мааниси чоң. Балдар үчүн эс алуу убактысы туура уюштурулуп, коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керек”, - деди ал.

Эс алуу учурунда балдардын көңүлдүү жана сергек эс алуусу үчүн маданий-массалык иш-чаралар, спорттук мелдештер, ар кандай сынактар уюштурулат.

Быйылкы жылы өлкө боюнча жалпысынан 1 миңден ашуун бала кесиптик лицейлердин базасында түзүлгөн жайкы лагерлерде эс алуусу пландаштырылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар