ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ 17-ИЮЛДА БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Июль 2023 ж. 14:09

Көрүлдү: 2563

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда баштала тургандыгын билдирет.

post.title

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.  

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.

ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :

I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;

II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;

III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;

IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар