"ЭЛ ҮМҮТҮ" СТИПЕНДИЯСЫНА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ УЗАРТЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Июль 2023 ж. 12:16

Көрүлдү: 1722

КР Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына кабыл алуу узартылгандыгын маалымдайт.

post.title

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты Кыргыз Республикасынын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (мындан ары - окуу жайлары) QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн  таланттуу жаштарга ыйгарылат.

Жыл сайын 50 “Эл үмүтү” стипендиясы бөлүнөт, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн - 10 стипендия.

Толугураак: https://edu.gov.kg/announcements/265/ 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар