БАТКЕН УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУНА "К.МИНИН АТЫНДАГЫ НМПУнун АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ" НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Июнь 2023 ж. 16:27

Көрүлдү: 1194

Баткен мамлекеттик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору Айдарбек Гиязовго "К.Минин атындагы НМПУнун Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.

post.title

Бул сыйлык Айдарбек Гыязовго эл аралык кызматташтыкка жана ЖОЖдор аралык достукту чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.

Баткен университетинин ректору «Чакырылган профессор» программасына катышып, анын алкагында Нижний Новгород мамлекеттик педагогикалык университетинин (НМПУ) студенттери үчүн экинчи жолу экономика жана педагогикалык дисциплиналар боюнча лекцияларды окуду.

Университеттин ректору Виктор Сдобняковдун айтымында, Минин университетинде мындай наам окуу жайдын 110 жылдан ашуун тарыхында алгач ирет Айдарбек Гиязовго болгон сый-урматтын белгиси катары ыйгарылып  жатат.

"Баткен университети менен беш жылдан ашуун убакыттан бери активдүү кызматташып келебиз. Бул убакыт аралыгында бир катар тармактык программалар ачылды... Биз үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биздин эл аралык студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маанилүү. Баткен университети Минин жогорку окуу жайы үчүн 40тан ашык университеттин арасында эң ишенимдүү жана келечектүү чет элдик өнөктөш университеттердин бири болуп саналат", - деди ректор Виктор Сдобняков.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар