ОМСК УНИВЕРСИТЕТТЕРИНЕ БЮДЖЕТТИК ОРУНДАРГА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Июнь 2023 ж. 15:16

Көрүлдү: 1349

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун жана Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Исабек уулу Нурсултандын жардамы менен Омск шаарындагы ЖОЖдордун көчмө кабыл алуу комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана алардын ата-энелери менен жолугушат.

post.title

2023-жылдын 3-июлунан 8-июлуна чейин көчмө кабыл алуу комиссиясы адистиктер жөнүндө маалымат берүү, кабыл алуу үчүн документтерди чогултуу, кирүү экзамендерин өткөрүү жана төмөнкү ЖОЖдордо бюджеттик орундарды тандоо боюнча айтып беришет.

  • П.А. Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университети;
  • Омск мамлекеттик байланыштар (транспорт) университети;
  • Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин Омск мамлекеттик медициналык университети;
  • Омск мамлекеттик педагогикалык университети;
  • Сибирь мамлекеттик автомобиль жана жол университети;
  • Омск мамлекеттик техникалык университети; 
  • Сибирь бизнес жана маалыматтык технологиялар институту.

Омск шаарынын жогорку окуу жайларына кабыл алууга байланышкан бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Нурсултан Исабек уулуна +79136341799 телефон номери жана Telegram каналы (https://t.me/HconsulKG) аркылуу кайрылсаңыз болот.

Кененирээк маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/262/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар