МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ СЕЙСМОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫН АЧТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Июнь 2023 ж. 18:17

Көрүлдү: 690

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты.

post.title

Министрлер Кабинетинин Төрагасы сейсмикалык активдүүлүктүн жогорулашына байланыштуу мониторингди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу маселелери артыкчылыктуу экендигин белгиледи. Жаңы имарат институттун штаб-квартирасы жана илимий борбору катары пайдаланылат.

“Бул долбоор өкмөт, Борбордук Азиядагы Америка университети жана эл аралык донордук уюмдар өлкөбүздүн жарандарынын жалпы жыргалчылыгы жана алардын коопсуздугу үчүн бириккен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенем”, – деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, 1952-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын курамында Геофизика сектору түзүлүп, 1956-жылы Сейсмология бөлүмү деп аталган. 1975-жылы январь айында Илимдер академиясынын Сейсмология бөлүмүнүн жана 2 лабораториянын (неотектоника жана сейсмотектоника) базасында Сейсмология институту түзүлгөн.

Институттун алдында аспирантура бар, кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңеш ачылган.

Сейсмология институту Улуттук Сейсмология кызматынын функцияларын аткарат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар