ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИ КӨРҮҮСҮ НАЧАР АДАМДАР ҮЧҮН АРАЛЫКТАН ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО СИСТЕМАСЫН ИШТЕП ЧЫГЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Июнь 2023 ж. 17:19

Көрүлдү: 2526

БААУ Инновациялык колледжинин студенттери дисциплиналар аралык жыйынтык долбоор катары көрүүсү начар адамдар үчүн уюлдук тиркеме аркылуу аралыктан идентификациялоо системасын иштеп чыгышты.

post.title

«Valoa» командасы системаны так, ишенимдүү жана ыңгайлуу кылуу үчүн аны жакшыртуу ишин улантууда. Ал тоскоолдуксуз инклюзивдик банк мейкиндигин түзүүгө умтулууда.

Көз карандысыз добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча «Valoa» командасы студенттердин социалдык жана коммерциялык долбоорлор боюнча сынагынын финалынын жеңүүчүсү болду.

Белгилей кетсек, Инновациялык колледждин 3-курсунун студенттери дипломдук иштин ордуна стартаптарды ишке ашырышат. Бул педагогикалык инновация студенттердин билими жана көндүмдөрү аркылуу ар кыл маселелерди иш жүзүндө чечүүгө мүмкүндүк берет. Мында чыгармачыл ой жүгүртүү жөндөмү гана эмес, пикир алмашуу жана командада иштөө үчүн алака түзүү жөндөмү да талап кылынат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев долбоордун бет ачарынан кийин: «Бул ыкманы башка окуу жайларга жайылтуу жагын эске алабыз», - деди.

Инновациялык колледждин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу салтанатында аталган команда сыйлыкка ээ болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар