КУУнун КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ИНСТИТУТУ 55 ЧЕТ ЭЛДИК МАГИСТРАНТТЫ ДАЯРДАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Июнь 2023 ж. 14:35

Көрүлдү: 958

21-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин магистранттарына салтанаттуу аземде дипломдорду тапшырды.

post.title

Салтанатка Улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери, профессор Али Жон, УИАнын дунган таануу жана кытай таануу борборунун кызматкери, профессор Фатима Хаваза, КУУнун окуу иштери боюнча проректору Эрлан Базарбаев, Кыргыз-Кытай институтунун директору Софья Апаева, КУУнун окутуучулары, элчиликтердин өкүлдөрү, бүтүрүүчүлөрдүн туугандары жана жакындары катышты.

КУУ биринчи жолу Кыргыз-Кытай институтунун чет тилинде окуган магистранттарын чыгарды. Институт бул жылы англис жана кытай тилдеринде окуган 55 чет элдик магистрантты бүтүрдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар