“ПЕДАГОГИКАЛЫК БАСМА СӨЗ – КУТТУУ БИЛИМ КАЗЫНАСЫ” РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Июнь 2023 ж. 18:14

Көрүлдү: 815

Бүгүн, 23-июнда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Кут Билим” гезитинин – 70, “Эл агартуу” журналынын – 95, “Русский язык в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык мааракесине арналган “Педагогикалык басма сөз – куттуу билим казынасы” аттуу республикалык илимий конференциясы өттү.

post.title

Иш-чарага билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн жетекчиси Жылдызбек Жакшылыков, өлкөнүн окумуштуу-илимпоздору жана практик мугалимдер катышты.

Жылдызбек Жакшылыков “Кут Билим” медиа-борборунун 70 жылдык юбилейи менен куттуктап, үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан басылманын билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүдөгү, педагогикалык акыл-ойдун көрөңгөсү катары өзгөчө ролун белгиледи.

"Басылма – мугалимдер үчүн баалуу методикалык булак, бир эле күчтүү жазылган макала миңдеген адамды таасирлентип коюшу мүмкүн. Казына деп аталбадыбы, ошол 70 жылдык архивди жасалма интеллектке киргизип койсок, эртең өлкөдөгү 7 млн эл “Кут Билимден”  ишенимдүү маалымат булагы  катары каалаган нерселерди сурап алат. Конференциянын программасын барактап отуруп кызыктуу темаларды көрдүк, иш-чара ийгиликтүү өтүп, резолюцияда пайдалуу жана кызыктуу сунуштамалар орун алат деп ишенебиз”, - деди ал.

Конференцияда аталган педагогикалык басылмалардын мааниси, билим, илим чөйрөсүндөгү орду жана ролу, педагогикалык идеяларды жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуудагы тарыхый мааниси, ММКлардын агартуучулук функциясы жана мектеп бүтүрүүчүлөрүн мугалимдик кесипке багыттоодогу ролу тууралуу баяндамалар жасалды.

Маалымат үчүн

 “Кут Билим” гезити Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик саясаттын эң башкы жарчысы жана бүткүл мугалимдердин кесиптик кеңешчиси, коомдук трибунасы катары белгилүү. Гезит 1953-жылы январь айында негизделип, биринчи саны 7-апрелде жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар